Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/11 14:24
 

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен шаарында атайын полктун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен шаарында атайын полктун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында атайын полктун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы милиционерлерди имараттын ачылышы менен куттуктады. Ал кийинки жылдары күч түзүмдөрү сезилерлик бекемделип калганын белгиледи.

Президенттин айтымында, мурда, 2005 жана 2010-жылдары милиционерлер форма кийгенден уяла башташкан, ал эми бийлик жана ички иштер министрлери өздөрү криминал менен биригип кетишип, бирок, аягында милиционерлерди күнөөлүү кылып келишкен.
«Кийинки жылдары милиционерлердин айлык маяналары көтөрүлдү. Аларды турак жай менен камсыз кылып, ушул сыяктуу имараттарды кура баштадык. Эгерде өлкөдө тартип болсун десек, калкыбыздын коопсуздугун ойлосок, анда милицияга кам көрүш керек, күч түзүмдөрүнө көңүл буруш керек. Бул иш эч убакта токтобошу керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент референдум өткөн соң укук коргоо органдарын, анын ичинде милицияны да толук кандуу реформалоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

«Балким, бул үчүн башка чаралар менен катар, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабындагыдай, ИИМ борбордук аппаратын кыскартууга туура келиши да мүмкүн», - деди ал.

Мындан тышкары, Өлкө башчысы Кыргызстандын көп улуттуу эли үчүн эң башкы нерсе – бул биримдик экенин баса белгиледи. Кыргызстанда ар бир жаран өзүн өлкө жараны катары сезиши керек.
«Биз өзүбүз гана өлкөбүздү күчтүү жана бирдиктүү кыла алабыз», - деди Алмазбек Атамбаев.

Иш-чаранын аягында Президент милиция кызматкерлерин имараттын ачылышы менен дагы бир жолу куттуктап, ак ниет кызматы үчүн аларга алкыш билдирди. Мамлекет башчысы милиционерлерге ден сооллук, бакыт тилеп, спорт залы үчүн спорт жабдыктарын сатып алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу