Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
09/11 19:28
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кызыл-Кыя шаарындагы дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты

Бишкек, 9-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-ноябрда, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы шаар тургундарын дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылышы менен куттуктап, Кыргызстанда социалдык программаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырып жаткан «Газпром» компаниясына ыраазычылык билдирди.

«Өлкөнүн газ транспорт системасын өнүктүрүүнү инвестициялоо менен эле чектелбестен, ушул сыяктуу социалдык программаларды да жүзөгө ашырып жаткан «Газпром» компаниясына чоң рахмат. Бул программанын алкагында өлкө аймагында ушул сыяктуу 16 дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекстери курулат», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент спорт комплексинин ачылышы шаар жаштары үчүн кубанычтуу окуя экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө жаштарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл экенин айтты.

«Жаштар – биздин келечегибиз. Бизде газ да, мунай да жок, бирок, биз элибизге, биздин жаштарыбызга, өсүп келе жаткан жаш муундарга таянышыбыз керек. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн эң башкы шарты катары биз Кыргызстандагы тынчтыкты, достукту жана туруктуулукту сактоого тийишпиз. Анткени биз баарыбыз – кыргызстандыктарбыз. Элибиздин биримдиги жана ынтымагы – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ишенимдүү кепили», - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Спорт комплекстин ачылыш аземине ошондой эле «Газпром» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышты. 
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу