08.11.2016, 15:25

Ала-Бука районунда жаңы көпүрө курулду

Бишкек, 8- ноябрь /Кабар/. Ала-Бука районунда жаңы көпүрө курулду. Бул тууралуу Ала-Бука районунун Биринчи май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

Маалыматка караганда, Шекафтар-Айры-Там автожолунун 6-километринде көпүрө 1960-жылы курулган. Сел жүрүп, суу каптап кеткен соң көпүрө жарабай колдонуудан чыгып калган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин 17-жолдор бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен тендер өткөрүлүп, “РусӨмүр” ЖЧКсы жеңип алган. 5-ноябрда Транспорт жана жолдор министрлигинин 17-жолдор бөлүмүнүн башчысы Сейткалы Жороева менен Ала-Бука районунун Биринчи май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаевдин катышусунда көпүрөнүн ачылышы болду.