08.11.2016, 09:32

Ала-Бука районунда катуу шамал катталды

Бишкек, 8-ноябрь /Кабар/. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Абдишарип Бекиловдун маалыматына ылайык, 2016-жылдын 4-ноябрь күнүтүңкү саат 03:00-04:00 чамаларында Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Катуу шамалдын кесепетинен Көк-Таш айыл аймагында Көк-Таш, Өрүктү айылдарында 17 турак жайлардан 775 даана шиферлери, айылдык Мечиттин 110 даана шифери жана 1-Май айыл аймагынын Ак-Башат айылынын Кең-Колот, Сары-Булак, Бүркүт-Уя участкалырндагы жергиликтүү жашоочулардын 11 турак жайдан 279 даана шиферлери сынып, учуп кеткен.

“Жалпы Ала-Бука району боюнча 27 турак жайларына 1054 даана шифер, Чон-Сай айылдык Мечитине 110 даана шиферлер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жерине чейин жеткирилип берилди жана айыл аймактары тарабынан таркатылып берилүүдө. Тез арада жардам берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жабыр тарткан тургундар ыраазычылыгын билдиришүүдө”,-деди А.Бекилов.

Жарандык коргонуу комиссиясы учурда келтирилген жалпы материалдык чыгымдарды тактоо иш-чараларын улантышууда.