Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/11 17:34
 

Таластын эки районунда катуу шамал катталды

 Таластын эки районунда катуу шамал катталды

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорлогия агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 4-ноябрында 04:00дөн 05:00гө чейин Манас районунун аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык коргонуу кызматы жана КР ӨКМнин райондук бөлүмү менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжасында:
-Үч-коргон айыл аймагынын Рахманбердиев атындагы орто мектептин 75 даана шифери жана 15 турак жайдын чатырлары учкан;
- Покровка айыл аймагында 6 турак-жайдын чатырлары учкан;
- Май айыл аймагында 20 турак жайдын чатырлары учкан;
- Кыргызстан айыл аймагында 12 турак-жайдын чатырлары учкан.

Кара-Буура районунда 2016-жылдын 4-ноябрында саат 04:00дөн 05:00гө чейин катуу шамал катталган.
Жарандык коргонуу кызматы жана КР ӨКМнин райондук бөлүмү менен биргеликте иликтөө иштерин натыйжасында:
-Аманбаев айыл аймагында электр чубалгылары үзүлгөн, 2 электр мамычасы кулап, 8 турак үйдүн чатырлары учкан;
-Ак-Чий айыл аймагында 10 турак-үйдүн чатырлары учкан;
- Шекер айыл аймагында 2 турак-үйдүн чатырлары учкан;
- Чолпонбай айыл аймагында 6 турак-үйдүн чатырлары учкан.

Жарандык коргонуу кызматынын тактоо иштери жүрүгүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу