Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/11 17:02
 

Жалал-Абад шаарында жашаган жери жок адамдарга түнөк үйү ачылды

Жалал-Абад шаарында жашаган жери жок адамдарга түнөк үйү ачылды

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарынынын мэриясынын алдындагы “Кайрымдуулук” борборунун курамында белгилүү жашаган жери жок адамдарга шаар мэринин буйругу менен түнөк үйү ачылды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымында, кыш жакындаган сайын белгилүү жашаган жери жок, жардамга муктаж атуулдардын абалы оорлоп, алар ар кандай оорчулуктарга кириптер болушат. Жергиликтүү бийликтер аларга камкордук көрүүсү зарыл.

“Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу бар, ошол буйрукту ишке ашыруу менен биз түнөк үйүн ачып, ал 1-ноябрдан 1-апрелге чейин иштеп турат. Жашаган жери жок атуулдар кышындасы суукта сыртта калышы өтө коркунучтуу. Ошондуктан биз 20 орунга ылайыкташкан түнөк үйүн ачып, ага зарыл шарттарды камсыз кылдык”, - дейт ал.

Түнөк үйүндө азырынча 5 киши түнөк алса, алардын ыңгайлуулугу үчүн кир жуугуч машина, мончо, чачтарач, керебеттер менен жууркан-шейшептер, идиш-аяктар камсыз кылынган. Бул максатта шаардык бюджеттен 213 миң сом каралып, түнөк алган атуулдарга бир жолудан ысык тамак берилет.

“Биз түнөк алган атуулдардын коопсуздугун, саламаттыгын жана таза жашоосун камсыз кылуу максатында тийиштүү шаардык кызматтарга тапшырма бергенбиз”, - деди А. Раматиллаева.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу