Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
04/11 14:19
 

Жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылында 11 үй колдонууга берилди, 150 дөн ашык үйдүн 80%ы бүтүп калды

Ош, 4-ноябрь /Кабар/. Катуу жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылында 11 үй колдонууга берилди, 152 үйдүн курулушунун 80%ы бүтүп калды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда ал “Ошэлектр” ААКтын өкүлдөрүнө электр тармагынын оңдоо иштерин жүргүзүүнү жана электр зымдарына тоскоолдук кылган дарактарды кыюууну тапшырды. Мындан тышкары, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү кышында көмүр жеткирүүгө жардам көрсөтүүнү убада кылды.

Турак үйлөрдү куруу үчүн Чайчи айылына миң тоннадан ашык цемент, 60 тонна арматура жана 203 миң бышкан кирпич жеткирилген. Бүгүнкү күндө 177 үйдүн байдубалы курулуп, 152 үйдүн курулушу дээрлик 80% бүтүп калды, 55 үйдүн ички оңдоп-түзөө иштери гана калган, 17 үй колдонууга берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу