04.11.2016, 13:05

Жалал-Абад шаарынын мэрии маалымат кызматкерлерин сыйлады

Жалал-Абад шаарынын мэрии маалымат кызматкерлерин сыйлады

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы 7-ноябрда белгиленүүчү Маалымат жана басма сөз күнүнө карата маалымат таркатуу тармагында иштеп жаткан журналисттерди, ММКларды сыйлады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомчулукка маалымат таркатуу жагынан жакшы өнөктөштүк аракеттери үчүн шаар мэриясы Жалал-Абад шаарынын чыгуучу “Жалал-Абад тонги”, “Аймак” гезиттерине, Kogart.kg, Kyrgyztoday.kg, Kabar.kg, Fakt.kg, Inter.kg сыяктуу маалымат таркатуучу сайттарга ыраазылык жарыялап, айрым массалык маалымат каражаттарына акчалай сыйлыктарын ыйгарды.

Атайын майрамдык тегерек столго катышкан шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мындан ары да жергиликтүү бийликтер ММКлар менен тыгыз кызматташа берерлигин билдирди.