Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/11 11:40
 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын кышка даярдыгын текшерди

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын кышка даярдыгын текшерди

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуучу жайдын лабороториясы, Лейлек аймактык ооруканасы, Чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгүнүн кышка даярдыгын көрүп келди.

Лейлек районунунда жалпы 62 саламаттыкты сактоо имараты бар. Алардын ичинен 57 имарат көмүр, 5 имарат электр энергиясы менен жылытылат. Бүгүнкү күнгө бул тармакка 516 тонна көмүр ташылып, план 100% аткарылды. Облус жетекчиси А.Халмурзаев Лейлек аймактык оорукананын имаратынын абалы, медицина кызматкерлердин иш орду менен таанышып, бейтаптардан кабар алды. Бүгүнкү күнгө оорукана толук капиталдык ремонттон өтүп, жылытуу системасы, ысык жана муздак суу менен камсыз болуп, толугу менен кышка даяр.

Облус жетекчиси Лейлек районундагы Чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгүндө болуп, андагы кышка даярдык иштерин көрүп, аскерлер менен жолукту. Бүгүнкү күнгө 2021 аскер бөлүгү толук көмүр менен камсыз болгон. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл чек ара кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үйдүн курулушу менен таанышты. Аталган үйдүн курулушу 2015-жылдын ноябрь айында башталган. Республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 34 млн 700 миң сомду түзөт. Курулуш иштерин “Кара-Суу Универсал “ ЖЧКсы алып барууда. Бүгүнкү күнгө 16 млн сомго иш аткарылды.

Мындан сырткары, Абиш Халмурзаев Исфана шаарындагы Лейлек базарынын ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Аталган базар ушул жылдын 20-майында күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен жергиликтүү соодагерлер орто эсеп менен алганда 40млн сомдүн тегерегинде зыянга учураган. Өрт кырсыгы каттала электе Лейлек базарында туруктуу оруну менен 42 киши иштеп турса, курулуш иштери аяктагандан сон, соодагерлерге бир топ ыңгайлүү шарттар түзүлдү. Облус жетекчиси сөз сүйлөп, учурдун талабы ишкердикти өнүктүрүү, кичи жана орто бизнес аркылуу жумуш орундарын түзүү керектигин, кошуна мамлекет менен соода-экономикалык байланышын чыңдоону, өндүрүлгөн азык-түлүктү кайра иштетүүнү белгилеп кетти. Ошондой эле, келечекте базар кеңейтилип, соодагерлерге мындан дагы жакшы шарттар түзүлөөрүн айтып кетти.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу