Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
03/11 09:39
 

Жалал-Абадда маданият кызматкерлерине урмат көрсөтүлдү

Жалал-Абадда маданият кызматкерлерине урмат көрсөтүлдү

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы атындагы драма театрында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, маданият тармагынын алдыңкыларына урмат-сый көрсөтүлдү. Ага Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков жана бир катар облустук жетекчилер катышып, маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамда сөз сүйлөгөн шаар мэри Салайдин Авазов бул жылы маданият тармагында болуп жаткан көптөгөн ийгиликтерге токтолуп, бул тармакта эмгектенип жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Бул жылы биз шаардагы маданият кызматкерлерине чоң белек тапшырганы турабыз. Көп жылдардан бери маданият бөлүмү эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта орун алып, алардын жакшы иштөөсүнө шарт түзүлбөй келген. Эми биз аларга заманбап эки кабаттуу, бардык ыңгайлуулуктары бар имаратты тартуулап жатабыз. Ошондой эле, биздин маданият кызматкерлерибиз эл аралык Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, байгелүү орундарды женп алышты”, – деди ал.

Эскерте кетсек, областта жалпысынан бир миң жети жүздөн ашуун маданият кызматкерлери бар болсо, алардан экөө “Кыргыз республикасынын эл артисти” жанабешөө“Эмгек сиңирген артист” наамдарын алышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу