Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
01/11 17:23
 

Ош шаарынын мэри ички иштер кызматкерлерин сыйлады

Ош шаарынын мэри ички иштер кызматкерлерин сыйлады

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз милициясынын күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана башкармалыктын кызматкерлери катышты.

Шаар башчысы Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жалпы кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтерине токтолуп өттү.

“Бүгүнкү күндө Кыргыз милициясы коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү, биз ишенген, таянган мамлекеттик орган катары белгилүү. Кыргыз милициясынын катарында, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын күжүрмөндүгү, чечкиндүүлүгү, өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгилеп кетким келет. Анын ачык мисалы катары акыркы төрт жылдан бери Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы Республикадагы эң мыкты ички иштер органы катары таанылып келе жаткандыгын алууга болот. Кызматтагы жакшы жетишкендиктер, ийгиликтер мамлекет тарабынан колдоого алынышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги талашсыз. Ош шаарынын мэриясы да шаардын Ички иштер башкармалыгынын мындай ийгиликтерин, күжүрмөндүүлүгүн колдоп келет. Айта кетсем, быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ички иштер башкармалыгынын административдик имаратынын капиталдык ремонтуна 800 миң сом бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлерине ипотекалык негизде 60 квартира бөлүндү. Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүнү колдоосу менен 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуш башталды. Буюрса кийинки жылдын экинчи жарымында бул үйлөр пайдаланууга берилет”,-деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө, А.Кадырбаев, Ош шаарында коомдук тартипти сактоого кошкон салымы жана уставдык милдеттерин аткаруудагы күжүрмөндүгү үчүн, бир катар милиция кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, Ыраазычылык баракчаларын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына компьютер жабдыктарын белеке берди.

Эске салсак, 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милиция кызматкерлери өз ишмердигин баштаган. Ошондон бери 1-ноябрь Кыргыз милициясынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл Кыргыз милициясы өзүнүн 92 жылдыгын белгилеп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу