Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/11 16:58
 

Быйыл Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу катталган жок

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Аба аркылуу соо адамга жугуп, бардык жаштагы кишилерге, айрыкча 2-10 жаштагы балдарга коркунучтуу болгон кызамык оорусу менен ооруп калган учурлар быйыл Жалал-Абад шаарында, ошондой эле бүтүндөй облустун аймагында катталган жок. Бул тууралу Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы кызамык оорусу менен ооруп калуунун 452 учуру катталса, анын ичинен чоңдор арасында 201, ал эми жаш балдар арасында 251 учур байкалган.

“Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кызамык оорусу менен жарандарыбыздын ооруп калуусу катталган жок. Бул медицина мекемелери тарабынан такай алдын алуу иштеринин жүргүзүлүп турганы менен түшүндүрүлөт. Ак халатчандарыбыз эл арасында, айрыкча мектептерде, окуу жайларында алдын алуу иштерин алып барышты. “Ден-соолук” комитеттери менен бирге атайын семинарлар уюштурулду”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, ошол эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун билдиришинче, быйылкы жылы энелердин өлүмү да Жалал-Абадда катталган эмес.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу