01.11.2016, 16:41

Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Курманжан-Датканын кабырын зыярат кылды

 Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Курманжан-Датканын кабырын зыярат кылды

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө атайын иш-сапары менен болуп, айыл өкмөттөгү жаңы курулган бир нече объектер менен таанышып чыкты. Бул боюнча Шарк айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Рахимжан Нишанов билдиргенин Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-сапар учурунда Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Жолдошов облус жетекчисине айыл өкмөттө алып барылып жаткан алгылыктуу иш-аракеттер жана айыл өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландар менен тааныштырды. Андан соң губернатор «Тарых жана маданият» жылынын алкагында 4000 орунга ылайыкташып жаңы салынган үч кабаттуу «Сармазар-Нур» мечити менен таанышып, ар бир айыл өкмөткө үлгү болоорлук, адеп-ахлакты жайылтуучу тарыхый өбъект болгондугун белгиледи. Мындан сырткары, Сарымазар көрүстөнүндө жайгашкан Алымбек-Датка менен Курманжан-Датканын кабырына зыярат жасалып, Куран окуп багышталды.