Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
31/10 15:54
 

Баткенде күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Баткенде күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү калкты көмүр менен камсыз кылууда район, шаарлардын аймактарында 72 топ база, 54 стационардык жана 35 автоунаалардан жылып сатуу пункттары уюштурулду. Көмүрдүн базар баасы 1 тоннасына БК, БР – 2,5-6 миң сом, БСШ – 1,2 миң сом. Ал эми жер-жерлердеги шахтыларда тоннасы 3,4 -5,5 миң сомдон сатылууда.

2016-жылдын январь-сентябрь айларында көмүр өндүрүүчү кенчилер (25 субъект) тарабынан 128,3 миң тоннаны көмүр өндүрүлдү.
Негизинен Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаары Сүлүктү шаарындагы өндүрүлгөн көмүрдүн эсебинен камсыздалат. Ал эми Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району Алай аймагынан келген көмүр менен камсыздалат.

Билим берүү тармагында 18-октябрга карата 9043 тонна көмүр ташылып, 82,4% камсыз болду. Жалпы билим берүү системасында 277 имарат көмүр менен жылытылат, ага керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 12138 тонна.

Саламаттыкты сактоо тармагында иш жүзүндө 1725 тонна көмүр ташылып, план 100% га аткарылды. Жалпы 153 имарат көмүр менен жылытылат, ага керектелүүчү жалпы көмүрдүн көлөмү 1724 тонна.

Облустун калкына жалпы 80230 тонна көмүр керектелсе, анын 65580 тоннасы бүгүнкү күнгө ташылып, 82%ды түздү. Регион аймагында жалпы көмүр пайдалануучу кожолуктун саны 78175.

Мындан сырткары, облустун өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелери боюнча жалпы керектелүүчү көмүр 189 тонна болсо, бүгүнкү күнгө 116 тонна көмүр ташылып, 61,3%ды түздү.

Облустун Ички иштер министрлигинин мекемелери боюнча жалпы керектелүүчү көмүр 315 тонна болсо, бүгүнкү күнгө 212 тонна көмүр ташылып, 67,3%ды түздү.

Коргоо комитетинин мекемелери боюнча жалпы керектелүүчү көмүр 449 тонна болсо, бүгүнкү күнгө 373 тонна көмүр ташылды.
Улуттук гвардиянын 707 аскер бөлүгү боюнча жалпы керектелүүчү көмүр 200 тонна болсо, бүгүнкү күнгө 75 тонна көмүр ташылып, 37,5%ды түздү.

Облустун чек ара кызматынын мекемелери боюнча жалпы керектелүүчү көмүр 1361 тонна болсо, бүгүнкү күнгө 1361 тонна көмүр ташылып, план 100% аткарылды.

Электр энергиянын лимитин сактоо боюнча: 2016-жылдын апрель айынан 30-сентябрына чейин 203 млн 605 миң кВт саат лимит берилген болсо, иш жүзүндө 194 млн 260 миң кВт саат пайдаланып, 9 млн 345 миң кВт саат электр энергия үнөмдөлдү.
Ал эми 2016-жылдын башынан сентябрь айына чейин 73 млн 653 миң кВт саат электр энергия үнөмдөлдү.

Элдердин арасында электр энергияны үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана электр энергия үнөмдөлүүчү лампаларга алмаштыруу боюнча тапшырмалар берилүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу