Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
31/10 11:15
 

Кара-Суу районунда жаңы заманбап мечит ачылды

Кара-Суу районунда жаңы заманбап мечит ачылды

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Кечээ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Куршаб айылында заманбап үлгүдөгү “Саит ата” атындагы жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мечиттин ачылыш салтанатына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев, Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Жуманазар Калбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылышта келген жетекчилер сөз сүйлөшүп, мечит аркылуу элге адеп-ахлак, туура тарбия жеткирилип, Ислам шариятын үйрөнүүнүн жарчысы болушун каалашты. Андан соң, мечит салуу демилгесин көтөргөн демөөрчү Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев сөз сүйлөп, мечитти салууда чет өлкөлүк демөөрчүлөр жана мечитке ысымы берилген Саит атанын балдары шериктеш болгондугун билдирди.

Мындан сырткары, мечиттин сырткы жасалгаларын көрктүү кылуу максатында мрамор таштары менен кооздолуп, чебер усталардын жардамы аркылуу 150 орунга ылайыкташтырылып, 3 айда бүткөрүлгөндүгүн белгиледи. Андан соң Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев мечитти курууга демилгечи болгон экс-депутат Мамат Орозбаевге жана мечитти салууга салым кошкондорду казыяттын ыраазычылык барагы менен сыйлады. Соңунда мечиттин кызыл лентасы кесилип, жалпы элге сый-тамак тартууланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу