Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/10 17:16
 

Баткенде ишкерлер ассоциациясы ачылды

 Баткенде ишкерлер ассоциациясы ачылды

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Баткен шаарында Баткен ишкерлер ассоциациясынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен шаарынын мэри Гапарали Матказиев, Шоро компаниясынын башкы директору Жумадил Эгембердиев жана ЖИА бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жаңы ачылып жаткан ишкерлер ассоциациясынын негизги максаты региондогу ишкердикти өнүктүрүү жана ишкерлердин кызыкчылын коргоо. Ассоциация ишкерлердин башын бириктирүү менен ишкердик багытында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо, аймактагы ишкердик жана инвестициялык абалды жакшыртуу, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда көпүрө болуу, эл аралык жана ички соода, экономикалык мамилени чыңдоо багытында иш алып барат.

Иш-чаранын алкагында облус аймагында өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси уюштурулду. Жарманкеге сүт азыктары, өрүктүн түрлөрү жана кондитердик азыктар коюлду.

Облус жетекчиси А.Халмурзаев ачылуу аземи менен куттуктап, ассоциациянын ачылышы аймакта жакшы саамалык болгондугун, ишкерлер, кичи жана орто бизнес аркылуу Баткен жергесинин экономикасы жогорулап, жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр пайда болоорун, соода-сатык мамилеси көтөрүлөөрүн жана мындан ары облустун аймагындагы ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн белгилеп кетти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу