Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/10 11:12
 

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды

 Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 27-октябрда милиция кызматкерлери үчүн жаңы турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер органынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, курулуп жаткан үй 100 милиция кызматкерин жана анын үй-бүлөсүн жеке турак жай менен камсыздайт. Үйдү колдонууга берүү 2017-жылдын 1-ноябрына белгиленген. Аталган курулушка мамлекеттик бюджеттен 160 млн сом бөлүнгөн.

Капсула салуу аземине ИИМ министринин орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусунун ИИБ жетекчилиги жана жеке курамы катышты.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу