Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
27/10 18:08
 

Өзбекстандын дин кызматкерлери Өзгөндөгү тарыхый жайларга саякат жасашты

 Өзбекстандын дин кызматкерлери Өзгөндөгү тарыхый жайларга саякат жасашты

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Кечээ Өзбекстан Республикасынын министирлер кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович баштаган диний жетекчилер, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган Ош шаарынын, Жалал-Абад, Баткен облустарынын казылары Өзгөн районундагы дин аалымы Имам Сарахсийдин күмбөзүн зыярат кылышты жана Өзгөн мунарасы музей комплекси менен таанышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган тарыхый жайлар менен Өзгөн археологиялык музейинин директору Авазбек Турсуналиев кеңири маалымат берди. Анын айтымында, байыркы ислам укук таануучусу Серахсинин көрүстөнүнүн үстүнө жаңы күмбөз 2009-жылы курулуп башталып, 2011-жылы бүткөрүлгөн. Бул демилгени Түркиянын дин таануучулары көтөрүшүп, «Дианет» түрк фонду колдоого алган. Күмбөздүн курулушуна колдонуучу кыштар атайын Өзбекстандан алынып келинген жана Кохон шаарынан келген чебер куруучу усталардын эмгеги аркылуу орто кылымдын стили чагылдырылган. Ал эми Күмбөздүн ичиндеги маалыматта Серахси 1009-жылы Түркмөнстан жана Ирандын чек арасындагы Мерв жана Мешхед шаарларынын ортосунда жайгашкан Хоросандык Серахси шаарында төрөлгөндүгү, Бухара шаарында билим алып, ал жерде сабак берип, ислам укугу боюнча адистигин өркүндөткөн, ошондой эле Өзгөн жер алдындагы тарыхы боюнча эң мыкты эмгектеринжараткан деп жазылган.

Эскерте кетсек, делегация курамы Өзгөн мунарасы тарыхый комплекси менен да таанышышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу