Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/10 17:52
 

Абиш Халмурзаев: "Мугалимдик кесип - ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жана өтө сыймыктуу милдет"

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. “Мугалимдик кесип - ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жана өтө сыймыктуу милдет”, - деп белгиледи КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
6-октябрь Мугалимдер күнү Баткен облусттук музыкалык драма театрында салтанаттуу белгиленди. Ага облус жетекчиси Абиш Халмурзаев, облустун мугалимдери жана район, шаар жетекчилери катышты.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө ыйгарым укуктуу өкүл А.Халмурзаев куттуктоо сөзүндө мугалимдик кесип - ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жана өтө сыймыктуу милдет экендигин, эжей-агайлар ар дайым илим менен билимдин, тарых менен маданияттын, салт-санаа менен акыл-насааттын түгөнгүс кенчи болоорун баса белгилеп кетти.

Ошондой эле, ал облустун билим берүү тармагынын абалына токтолуп, бүгүнкү күндө 236 жалпы билим берүүчү мекемелерде 7326 мугалим эмгектенип, 93 миң окуучу билим алаарын, жылдан жылга региондун билим берүү мекемелеринин материалдык базасы бекемделип, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна керектүү шарт түзүлүп жаткандыгын айтып өттү. “2016-2017-окуу жылына карата 236 жалпы билим берүүчү мекемелеринде кезектеги оңдоо-түзөө иштери толук бүттү. Учурда облустун аймагында 26 мектептин, 1 балдар бакчасынын курулуш иштери жүрүп жатат”,-деди ал.

Мындан сырткары, облустун бир канча мыкты мугалимдери ыйгарым укуктуу өкүлдүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Майрамдык иш-чарага арналган салтанаттын экинчи бөлүгүндө Баткен районунун жана Сүлүктү шаарынын билим берүү кызматкерлери тарабынан даярдалган “Сармерден” кыз-жигит улуттук оюну, майрамдык концерт жана окуучулардын аткаруусунда адабий музыкалык композиция уюштурулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу