Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/10 17:25
 

Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов элдин көйгөйүн жеринде угууда

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл аймагынын Шералы айылында элдик жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач облус башчысы өлкө аймагында жасалып жаткан иштер, Ош облусунун жана Кара-Суу районунун аймагындагы социалдык обьектилердин курулушу жана башка көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүү жана аткаруу жолдору тууралуу маалымат берди.

Андан соң жыйын эл менен суроо жооп иретинде уланды. Жергиликтүү тургундар негизинен таза суу, жол жана суугат суу маселесин айтышты. Ошондой эле, мектептин имаратын жаңыдан салуу сунушу айтылды.

Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов "Суугат суу маселесине өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатат. Быйыл эле өзүңүздөр күбө болдуңуздар бардык каналдар тазаланып, элге суу жеткирүү маселеси чечилип баштады. Сиздердин айылдан өткөн канал кыш айындагы оңдоп түзөөгө байланыштуу үч айга суу токтотулса элге суу жеткирүү маселесин чечүү үчүн унаа уюштургула. Силерге алар жеткирип берип турсун. Мен каржылык жардам кылайын. Ал эми жолду оңдоо үчүн айыл өкмөт аракет кылсын. Анткен,и бул ички жол. Аны айыл өкмөт, жеригиликтүү кеңештин депутаттары карап чыгышсын. Мектеп курулушу боюнча айту турган болсок, Өкмөт азыр курулушу башталган мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык обьектилерди биринчи бүткөрүүнү колго алып жатат. Анткени, ким суранса эле курулушу башталып жарым жартылай токтоп калган обьектилер көп экен. Буйруса сиздерде да мектеп болот",- деди Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү.

Айтылган ар бир сунуш пикир жазылып алынып, анын үстүндө иш алып барылмай болду.

Эске салсак, Ош облсунуда 88 айыл өкмөт бар. Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов ар бир айыл өкмөттүн эли менен жер-жерлерде элдик жыйындарды өткөрүүдө. Эң биринчи шарты катаал алыскы Алайкуу аймагынын эли менен жолугушуудан баштаган эле. Элдик жыйындар мындан ары да улантылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу