Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/09 12:54
 

Ошто референдумду колдогондор көп, ал эми каршы чыккандар аз эле - шаар кеңешинин депутаты

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Ошто референдумду колдогондор көп, ал эми каршы чыккандар аз эле. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине түштүк борбордун шаар кеңешинин депутаты Идирис Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, Оштун калкынын көпчүлук бөлүгү Башмыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү колдойт.

“Оштун калкынын 100% референдум өткөрүү боюнча демилгени колдойт деп айта албайм. 2020-жылга чейин Башмыйзамга тийишпөө керек деп эсептегендер да бар. Алардын мындай пикирди кармангандыгынын себеби – Башмыйзамдын тегерегиндеги маселелер саясатташтырылып кеткендигинде. Эл туруктуулукту, тынч жашоону каалайт. Ошентсе да элдин көпчүлүгү Башмыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү колдойт, деп айтаар элем”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу