Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/09 16:49
 

Таласта окуучулардын тамактануусу жакшырууда

Таласта окуучулардын тамактануусу жакшырууда

Бишкек, 29-сентябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Таластын Ак-Жар айлында жайгашкан А.Султанбеков атындагы мектепте жеткинчек окуучулардын тамактануусу жакшы жолго коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мектептин директору Нуржамал Жолдошева билдирди.

“Балдарды ысык тамак менен камсыздоо боюнча мамлекет, БУУнун Азык-түлүк программасынын кызматкерлери, жергиликтүү айыл өкмөтү, ата-энелер болуп чогуу иштешип жатабыз. Өкмөт бөлгөн 7 сомдук тамактын ордуна балдар 12 сомдук тамак ичүүдө. Ашпозчу байытылган ундан жуурулган камырга тажрыйба участогунан алган сабиз жана ашкабак кошуп нан жасап берет. Бул балдарга витамин. Сүт кошулган таруу жана ашкабактан жасалган ботко да балдарга абдан пайдалуу. Мектеп боюнча 422 окуучу болсо, учурда анын 180 окуучусу ысык тамак менен камсыздалып жатат”,-деди ал.

Анын айтымында, мындай өрнөктүү иш-чараларды мектептин администрациясы Өкмөттүн “КРдагы мектептерде окуучуларды тамактандырууну оптимизациялоо” улуттук программасынын өнөктөшү болгон “Өнүктүрүү демилгелеринен агенттиги” коомдук фондусу менен биргеликте уюштурган.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Талас облусу боюнча жооптуу өкүлү Айша Үмөталиева бул иш-чара окуучулардын тамактануусуна гана жардам бербестен, аларды тарбиялоого, дүйнө таанымын кеңейтүүгө да жардамын тийгизерин белгиледи.
“Кошумча чарба уюштуруунун дагы бир себеби – жаш балдар жашылча-жемиш кантип өсөрүн, кантип багуу, пайдалануу керектигин турмуш жүзүндө көрөт. Бул тармакты биолог мугалимдери менен биргеликте үйрөнүшөт. Анан тигилген азык-түлүктөр кайра эле окуучуларга ысык тамак бергенге сарпталат. Демек, алардын жасаган мээнети көз алдында пайда алып келгендигин көрөт. Биздин максат – долбоор бүткөнчө башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен туруктуу камсыз болуусуна көмөктөшүү”, – деди А. Үмөталиева.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу