Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/09 10:04
 

Кызыл-Кыядан ажылыкка кеткендерди шаар мэри жана шаардын баш имамы тосуп алышты

 Кызыл-Кыядан ажылыкка кеткендерди шаар мэри жана шаардын баш имамы тосуп алышты

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан ажылык сапарына баргандардын тобу мекенине келишти. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Ажыларды шаарындын киреберишинен Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имамы Кожониязов Мукадас ажы жана ажылардын туугандары тосуп алышты.

“Ажылардын баары аман-эсен, маанайлары жакшы, шаарыбыз жана элибиз үчүн жакшы тилектерин айтып баталарын беришти”- деди Кожониязов Мукадас ажы.

Белгилей кетсек, бул жылы Баткен облусунан 427 жаран ажылык милдеттерин аткаруу үчүн барып, учурда баары өз мекение кайтып келишти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу