Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/09 18:54
 

Өкмөт башчы Нарын облусундагы экономиканын реалдуу секторуна тийиштүү ишканалардын иши менен таанышты

 Өкмөт башчы Нарын облусундагы экономиканын реалдуу секторуна тийиштүү ишканалардын иши менен таанышты

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Нарын облусуна жасаган бир күндүк жумушчу сапарында Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы «Ат-Башы-Сүт» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоевдун айтымында, завод чыгарган негизги продукциялар – голланд сыры, чечил сыры жана каймак болуп саналат. Анын сөзүнө караганда завод суткасына 10 тонна сүттү кайра иштетип, 28 адамды жумуш менен камсыз кылган. Өндүрүлгөн продукция негизинен Бишкек шаарынын базарларында сатылат.

«Жыл ичинде ишкана жергиликтүү жашоочулардан 8-10 млн сомдук сүт сатып алат. Ишкананын кеңейтилиши пландаштырылууда. Жаңы жабдыктарды алууга 5-6 млн сомдук инвестиция керек. Жаңы линиянын орнотулушу менен сүттү кайра иштетүүнүн көлөмү суткасына 20 тоннага чейин көбөйтүлөт», – деп билдирди Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигине кошулушу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөргө чоң мүмкүнчүлүктөрү ачканын белгиледи.

«Өндүрүштү кеңейүүгө умтулуу – алдыга карай ташталган кадам. Аталган ишкана аркылуу атамекендик айыл чарба продукцияларына кызыкдар болгон тышкы рынокко чыгуу зарыл. Эң башкысы, продукция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сүт азыктарынын арасында экологиялык жактан таза жана бардык талаптарга жооп бериши зарыл», – деди Премьер-министр жана Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду, «Айыл банк» ААК айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылаарын эскертип, аталган ишкананы өнүктүрүү боюнча бизнес-план сунуштоону тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле 2016-жылдын май айында негизделген Ат-Башы районундагы Казыбек айылында жайгашкан муниципалдык машина-трактордук станцияга барды. Учурда анын балансында жалпы суммасы 16 млн сомдук 20 техника бирдиги бар. Анын тейлөөсүнөн эки айыл башкармалыгынын дыйкан чарбалары пайдаланат. Өкмөт башчы белгилегендей, айыл-кыштактардагы кооперативдик кыймылдын өнүгүүсү менен айыл-чарбадагы МТСтин ролу жогорулай бермекчи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан тышкары, Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы жаңы мектеп имаратынын курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, мектептин курулушун жыйынтыктоо үчүн 38 млн сом зарыл. Курулуш иштерин үзгүлтүксүз каржылоодо объект үч айдын ичинде ишке берилет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылга республикалык бюджетти уюштурууда аталган сумманы кароо тапшырмасын койду. «Аймактын жаратылышытык шарты курулуш иштерин күзүндө жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Муну эске алуу менен курулуш иштерин каржылоо 2017-жылдын апрель айында жаңыртылышы керек жана куруу иштери жаңы окуу жылына карата жыйынтыкталышы тийиш», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу