Аймак

Октябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/09 16:04
 

Баткенде “Биз – кыргыз жараныбыз” аттуу этно-маданий фестивал өттү

Баткенде “Биз – кыргыз жараныбыз” аттуу этно-маданий фестивал өттү

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Аталган иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын негизинде жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, ар бир инсандын өзүнүн “Кыргыз жараны” экендигин аңдап-түшүнүүсү, жарандык атуулдукту, сабырдуулукту жана билим берүү, маалыматтык саясат аркылуу айырмачылыктарды урматтоого тарбиялоо, саясий, социалдык жана экономикалык катышууну кеңейтүү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдрахманов, Баткен облусундагы ар улуттун өкүлдөрү, шаарлардын активдери, райондордо жана шаарларда жашаган этностук топтордун өкүлдөрү, райондогу, шаарлардагы, коомдук консультативдик этностор аралык кеңешменин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын башчыры, элдик кол-өнөрчүлөр, жалпысынан 350 адам катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустагы ар улуттун өкүлдөрү келген меймандарга өз маданияттары, салт-санаалары, улуттук тамак-ашы жана кол өнөрчүлүгү менен тааныштырды.
Ошондой эле, Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы мамлекеттик драма театрында жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдрахманов региондо 40 тан ашуун улуттун өкүлдөрү көп жылдар бою ынтымакта, биримдикте, достукта жашап келишкендигин, облустун аймагында улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, карым-катнаштарды өнүктүрүү максатында эбегейсиз жумуштар жасалгандыгын, анын ичинде республикалык, облустук масштабдагы түрдүү маданий фестивалдарды, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын иш-чара, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп келгендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары тарабынан Кыргызстан көп улуттуу өлкө экендиги, анда 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү ынтымакта жана биримдикте жашап келе жаткандыгы белгиленди.

Мындан тышкары, 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүн ишке ашыруу багытында жана ирээттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы иштелип чыккандыгы айтылып, ага ылайык жер-жерлерде иш-чаралар өтүп жаткандыгы белгиленди.

Конференциясынын катышуучулары Кыргызстандын көп улуттуу элинин өлкөнүн байыркы жана бай тарыхын тереңдеп үйрөнүүгө, толеранттуулуктун маданиятын жайылтууга, достукту, өз ара сыйлашууну, калк арасында кошуналарга жакшы мамилелердин чыңдалышын күчөтүүгө чакырышты.

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бардык бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы коомчулук өлкөдө элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо максатында “Мен Кыргыз жаранымын», «Мен Кыргызстандыкмын» деген жалпы атуулдук бирдейликти түптөөнүн жана калыптоонун үстүндө өздөрүнүн идеялык иштерин күчөтүүсү зарыл экендиги, экстремизмдин, радикализмдин жана этникалык улутчулдуктун таасирлерин азайтуу максатында, калк арасында, айрыкча жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде жаштардын арасында коомдук алдын алуу иштерин уюштурууну күчөтүү абзел экендиги айтылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу