Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/09 12:49
 

Ош шаарынын күнү жогорку деңгээлде белгиленет

Ош шаарынын күнү жогорку деңгээлде белгиленет

Бишкек, 26-сентябрь /Кабар/. Ош шаарынын Күнүн жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаар мэриясы тарабынан бардык даярдыктар жүрүп жатат. Жылдагыдан быйыл өзгөчө өткөрүү максатында атайын адистердин кеңеши менен шаар күнүн белгилөөнүн сценарийлери иштелип чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын күнүнө чет мамлекеттерден коноктор, достук келишимдеги шаарлардын мэрлери жетектеген делегация мүчөлөрү, КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, бардык олбус, шаарларынын жетекчилери катышат.

Майрам 5-октябрь күнү, саат 9:00дө шаардын борбордук аянтында театралдашкан оюн-зоок, концерттик программа менен башталат. Анда, “Байыркы Ош шаары-Улуу Жибек Жолунун маданий борбору” аттуу тарыхый көрүнүш, “Бактылуу балалык” хореографиялык музыкалык композициялар, клоундар жана кереметтүү шар көбүктөр шоусу, “Ош шаары-ооматтын, берекенин, ынтымактын жана тынчтыктын ордосу” аттуу Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн катышуусунда майрамдык белек, 500 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботой”күүсү, “Устат-шакирт” фолькрлордук ансамблинин композициялары, жаштардын бийи (флеш-моб) орун алат. Ошондой эле, “Ош шаарынын сыймыктары”-шаардын өнүгүшүнө салым кошкон социалдык, экономика, өндүрүш тамактарынын өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшү болот.

Саат 12:00дөн 15:00гө чейин “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Анда өндүрүш ишканалардын азык-түлүктөрү, жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, сүт азыктары, дан эгиндери дүң баада сатылат.

Саат 14:00дөн баштап борбордук аянтта шаардагы мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлеринин жана шаар тургундарынын катышуусунда массалык чуркоо болот. Ошондой эле, кыргыздын улуттук оюндары кол күрөш, ордо, аркан тартыш, гир көтөрүү боюнча мелдештер өтөт.

Саат 19:00дөн 23:00гө чейин А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо модалуу азем кийимдердин көргөзмөсү жана КРнын белгилүү ырчы, бийчилеринин катышуусунда чоң шоу концерт тартууланат. Концертти 500 комузчу, “Устат-шакирт” фолькрлордук ансамбли, Саламат Садыкова, Темир Назаров, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Түмөнбай Колдошев, Сьездбек Искеналиев, Айгерим Расул кызы, Самара Каримова, Жумагүл Раимжан кызы жана башка белгилүү ырчылар коштойт. Борбордук стадиондогу иш-чара майрамдык фейерверктер менен жыйынтыкталат.

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип келет.Быйыл Ош шаары 3016-жылдыгын майрамдайт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу