Аймак

Август 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/09 16:07
 

Талас облусундагы Чоң-Өр ашуусунан чек арачылар курал табышты

Бишкек, 23-сентябрь /Кабар/. Талас облусундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун Чоң-Өр ашуусунан курал табышты. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Курал тууралуу маалымат ыкчам булактардан алынган. Талас облусунда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирдикте ашууга чыгышып, металтестирлөөнүн жардамы менен курал табышты.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин курал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу