Аймак

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/08 12:16
 

Ошто Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленди

Ошто Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленди

Бишкек, 31-август /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Ош шаарында өлкө Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри эгемендүүлүк күнү- өлкөбүздүн эң ыйык, эң улуу майрамы экенин билдирип, шаар тургундарын жана меймандарын Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

“Биз бүгүн баарыбыз мына ошл эзелтен кылымдар бою элибиз эңсеп, күрөшүп, эчен кылымдардын эңсөөсү болгон- Азаттык, Эгемендүүлүк майрамын белгилеп олтурабыз.
Катаал сыноолорго карабастан, биздин эл өлкө биримдигин жана бүтүндүгүн, өз үйүнүн туруктуулугун сактай алды. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды. Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, мезгил менен тең жарышып бүгүн Эгемендүүлүк Күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат улуу Адамдык дөөлөт. Эгемендүүлүктүн башкы дөөлөтү-Адамдын эркиндиги жана келечеги.

Учурда Кыргызстан-дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө умтулган демократиялык, эгемендүү мамлекет. Анын ичинде Ош — кыргыз тарыхынын ордосу, куттуу жер. Ош шаарыбыз да жыл өткөн сайын өнүгүп жатат. Мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жумшалат”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр да калаа тургундарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстан анын ичинде Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткандыгын белгиледи.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө, шаардын борбордук аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган аскердик парад, өлкө эгемендик алгандан бери чейрек кылымда басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн зоок, концерттик программа тартууланды.

Мындан сырткары, «Курманжан Датка», «Манас Ата» кичи районунда , «Алымбек Датка», «Каныкей» ,«Ата-Түрк» сейил бактарында майрамдык шаан-шөкөт, оюн-зооктор уюштурулду. Спорт сүйүүчүлөрү үчүн шаардык стадиондо ар түрдүү спорттук оюндар, конкурстар, Навои эс алуу багында шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер орун алды.

Ошондой эле, Эгемендүүлүккө карата калаадагы 4 парк интернет менен камсыз болду. Акысыз вай-фай “Жеңиш”, “Ата Түрк”, “Алымбек Датка” жана И.Раззаков атындагы эс алуу жайларына орнотулду. Интертентке уланган эс алуу жайларында ай сайын маданий иш-чаралар, ар кандай сынактар өтүп турат.

1 из 9

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу