Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/06 17:33
 

Кыргызстандын түштүгүндө дагы жер силкинди

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:07 чамасында КРнын УИАсынын Сейсмология институту күчү 5 баллга жеткен жер титирөөнү каттады.

Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында жайгашкан, Алай-Тоо кыркаларынан түштүк-чыгышты карай Бор-Дөбөгө айылынан 30 км, Нура айылынан түштүк-батышты карай 35 км алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбөдө - 4 балл, Нура айылында, Иркештам, Кара-Киндикте - 3,5 балла, Сары-Таш айылында – 3 баллга сезилген.

«Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок», - деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу