Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/06 14:19
 

Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы тургундар ичүүчү суу менен камсыз болушат

Бишкек, 28 июнь /Кабар/. Ыссык-Көл районунун Бактуу-Дөлөнөтү айылынын тургундары үчүн жакынкы мезгилде кудук салынып, тургундар толугу менен ичүүчү суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу Ыссык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук администрациясы билдирди.

“Кабар” маалымат агенттигинин редакциясына май айынын ортосунда Бактуу-Дөлөнөтү айылынын тургундары айылда ичүүчү суу жок болуп жаткандыгын билдиришкен эле. Айыл тургундарынын айтымында суу берүүчү насос жарылып, анын кесепетинен бир топ кыйынчылыктарды тартып келишкен. Муну менен катар жашоочулар буга иш-арекеттер көрүлбөй жаткандыгын дагы айтышкан.

Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, айыл тургундарын суу менен “Шаркыратма” агын суусу камсыздайт.

“Айыл тургундарынын 30% ичүүчү сууну кудуктан алса, 70% агын суулардан алат. 2006-жылы ичүүчү суу системасы курулуп, ал 2 миң 460 тургунду суу менен камсыз кылып келген. 2016-жылы болсо айыл тургундарынын саны 3 миң 540ты түзүп, натыйжада тургундарды суу менен камсыз кылуу толугу менен кыйын болуп калган. Мына ушундан улам Бостери айыл өкмөтү долбоор жазып, аны АРИСке жөнөткөн. Жергиликтүү бюджеттен жана АРИСтен 164 миң 500 сом атайын зарыл болгон суу трубаларды оңдоп түзөтүү иштерине бөлүнүп берилди. Азыркы күндө оңдоо иштери жүрүп жатат”,-деп билдирди жергиликтүү администрация.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу