Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/06 11:17
 

Ысык-Көл районунда туристтик сезондун алдында 155 ден соолукту чыңдоочу жайлардын 67си гана текшерүүдөн өттү

Бишкек, 28-март /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл районунда 155 ден соолукту чыңдоочу жай болсо, анын 67си гана экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет деген тастыктоодон өткөн. Бул тууралуу КРнын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылкы туристтик сезонго даярдык көрүү негизги маселелердин бири. Ага ылайык Ысык-Көл облусундагы курорттук эс алуу мекемелеринин экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу зарыл.

Азыркы тапта Ысык-Көл районунда жалпысынан 155 ден соолукту чыңдоочу борбор болсо, анын 144 ишке киришкен, ал эми 12си иштебейт. Анын ичинен 78 ден соолукту чыңдоочу жайдын тазалоо курулуштары бар, калган эс алуучу жайлардын тазалоо курулуштары коңшу эс алуучу жайга же борбордук канализацияга туташкан.

«Кыргыз таңы», «Ак-Жол», «Атырау», «Золотой требас», «Кооператор», «Самал», КазГУ, «Мун Вей Тревел», «Аэропорт «Манас», «Махеня», «Олимп» сыяктуу ден соолукту чыңдоочу жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабагандыгы, экологиялык техникалык коопсуздук боюнча талапка жооп бербегендиги үчүн кемчиликтерин жойгонго чейин иштери токтотулган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу