Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/06 11:49
 

Жалал-Абад шаардык бюджетине 259,3 миң сом кайтарылды

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Аталган башкармалык түзүлгөнгө чейин мамлекеттик салык кызматында атайын 12 штаттык бирдик иштеп, 2013-жылга бул штаттык бирдиктердин эмгек маянасы үчүн жана башка каражаттар үчүн 2 миллион 196, 6 миң сом, 2014-жыл үчүн 2 миллион 435, 1 миң сом, 2015-жыл үчүн ар түрдүү иш-кагаздары үчүн 500 миң сом акча каражаттары бөлүнүп иштетилген. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысы Абида Кочкорова билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин башкармалыкта 20 штаттык бирдик бар жана эки техникалык персонал бөлүнгөн, смета боюнча жергиликтүү бюджеттен эмгек акы бөлүнүп, анын 121, 7 миң сомун үнөмдөп, сапар чыгымдарынан 23 миң сом, күндөлүк керектелүүчү товарларды алууга бөлүнгөн акча каражатынан 2, 4 миң сом, социалдык төлөмдөр эсебинен 27, 6 миң сом үнөмдөдүк жана бюджетке 259, 3 миң сом кайтарылып берилди”, - дейт А. Кочкорова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу