Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/06 10:52
 

Кыргызстанга Сауд Арабиядан 100 тонна гуманитардык жардам келди

 Кыргызстанга Сауд Арабиядан 100 тонна гуманитардык жардам келди

Бишкек, 27 июнЬ /Кабар/. 2016-жылдын 23-25-июнда Ош эл аралык аэропортуна Сауд Арабия Королдугунан атайын үч борт менен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул акция Сауд тарап менен кыргыз тараптын бир топ эмгектенүүсүнүн натыйжасында болду.
Бул гуманитардык жардам “Король Салмандын атындагы гуманитардык колдоо жана тез жардам көрсөтүү борборунан” келип түштү. Анда жаздык, жоолук, чатыр, килем, жууркандар бар. Анын жалпы салмагы 100 тоннаны түздү. Көрсөтүлгөн гуманитардык жардам 2015-жылы 17-ноябрында Ош облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге берилет.

Гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасына КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүүн орун басары Ахмаджан Мухаммед, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, “Гуманитардык жана тез жардам көрсөтүү борборунун” өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу