Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 18:09
 

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Нарын облусунун бир катар райондорун кыдырып, суу алып кеткен аймактардын абалынан кабар алды

Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун кирген суулар жеп кеткен жолдорунун абалы менен таанышып, ага карата көрүлүп жаткан чаралардан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 249-252 чакырымындагы Кочкор районуна тиешелүү Сары-Булак аймагындагы жолду кирген суу жеп баштаган. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Нарын облусунун №955 ДЭПи тарабынан бул жолду алдын ала бекемдөө иштерин жүргүзүп жатканына күбө болду.
Ал эми Нарын районундагы Салкын-Төр мамлекеттик паркындагы көпүрөнү, ички жолдорун коктудан кирген суу алып, керектен чыгарган. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү элге, сырттан келүүчү эс алуучуларга болгон мындай ыңгайсыздыкты жоюу максатында, жаратылыш кырдаалынын кесепеттерин тезинен четтетүү үчүн тиешелүү министрликтерге жеринде тапшырма берди. Андан ары парламент төрагасы аталган райондун Дөбөлү айылындагы Нарын -Оорук-Там жолунун суу жеп кеткен жерине барды. Алгач күндүн ысышы менен коктудан келүүчү суунун деңгээлин көбөйүп келип район борбору менен бир нече айылдарды байланыштыруучу жолдогу суу өткөргөн чоң түтүктү алып кеткен, натыйжада байланыш таптакыр үзүлгөн. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен суу өтүүчү түтүк кайра салынып, байланыш калыбына келтирилген. Ошентсе дагы суунун жээгин бекемдөө иштери керектиги байкалып турат. Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондусунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына кан тамырга айланган мындай жолдорду кирген суудан бекемдөө иштерине деп 100 миң сом тапшырды.


Жогорку Кеңеш Төрагасынын сапары андан ары Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында уланды. Коктудан кирген суу бактыга жараша айыл четиндеги үйлөрдүн үлүш жерлерин гана каптаган. Бирок тиешелүү иштер жүргүзүлбөсө суунун кириши кайталанып, эми үйлөрдү капташы толук ыктымал дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Чыныбай Турсунбеков көйгөйдүн олуттуулугун эске алуу менен бул айыл өкмөтүнө дагы фонддун эсебинен 100 миң сом калтырды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы өйүз-бүйүздөгү бир нече айылды байланыштырып турган Ат-Башы суусундагы көпүрөнүн абалы менен жеринде таанышты. Жергиликтүү бийлик Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен чогуу көпүрөнү бекемдөө иштерине салым катары фонддон 50 миң сом тапшырылды.
Нарын суусунун жээгинде жайгашкан Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы абал дагы кооптуу. Мындай көрүнүшкө күбө болгон Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Нарын дарыясынын суусу курулган дамбадан ашып, аталган айылдагы асфальт-бетон заводуна 80 метрдей жетпей калганын көрдү. Дамба сапатсыз курулганын, аны курган фирманын иши азыр прокуратурада тергелип жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү парламент жетекчисине маалымдашты. Жогорку Кеңештин Төрагасы бул кооптуу аймакка тез аранын ичинде жаңы дамба куруу маселесин тиешелүү министрликтин астына коерун айтып, ага чейин дамбаны бекемдөө иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун иш сапарында КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жаратылыш кырсыктары боюнча маалымат беришүүдө.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу