Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 16:26
 

Ошто “Арча” базарында өрттүк-тактикалык машыгуу болду

 
Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Ош шаарындагы “Арча” базарында өрттүк-тактикалык машыгуу болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Акыркы мезгилдерде соода түйүндөрүндө ири өрт кырсыктары катталган. Белгилей кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунун борбордук базары жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук базары күйүп кеткен. Мындан ары жогорудагыдай өрттөрдү болтурбоо үчүн жер-жерлердеги соода түйүндөрүндө өрткө каршы мамлекеттик кызматы тарабынан машыгуулар өткөрүлө баштады.


Бүгүн 24-июну күнү Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасындагы “Арча” базарында Өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлүүдө. Машыгуунун максаты, өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат. Машыгуу учурунда Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара кызматташтыгы да текшерилди. Ага Ош шаарындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынан 3 өрттүк автоунаа, медициналык тез жардам кызматы, электр тармактар кызматтары катышууда. Мындай машыгуулар ар бир квартал сайын пландын негизинде жана коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн пландан тышкары да өткөрүлүп турат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу