Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 14:18
 

Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышты

 Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышты

Ташкент, 24-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, облустагы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышты.
Бул туралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Ак-Сай айыл башкармалыгынын башчысы Эргеш Ниязкулов Премьер-министрге «Бакай - Ак-Сай - Таза-Суу» суу каналынын иши токтоп калгандыктан аймакта таза суу жок экенин айтты.


Анын айтымында долбоордун жалпы суммасы 13 млн сом болсо, бүгүнкү күндө 5 млн 700 миң сом бөлүнгөн.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетовго кыска убакыт аралыгында Ак-Сай айылындагы жергиликтүү элди үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кыла турган «Бакай - Ак-Сай - Таза-Суу» долбоору боюнча маселени чечүүнү тапшырды.


Премьер-министр ошондой эле «Максат-2» дюкеринин курулуш иши менен таанышып, “Лейлек” суу сактагычынын курулуш долбоорунун бет ачарына күбө болду.
«Максат-2» дюкеринин курулушу менен Баткен облусундагы 2400га жер сугат суусу менен камсыздалат. Ал эми “Лейлек” суу сактагычынын курулушу менен келечекте 10 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
(Дюкер - суу түтүктөрү, канализация жана сугат суу тутумунда колдонулат).

 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу