Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 11:10
 

Аксыда сел жүрүп турак жай, көпүрө, чарбактар зыянга учурады

 Аксыда сел жүрүп турак жай, көпүрө, чарбактар зыянга учурады

Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Андан улам Чалдыбар айылынын Досбайдын-Дөңү тилкесиндеги 15 кожолукту айыл аймактын борбору менен байланыштыруучу узундугу 1500 метр болгон ички чарбалык жолдун айрым жерлерине жылгалардан түшкөн шагыл-таштар каптап, жол каттамы жабылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Кашка-Суу айыл аймагындагы Өлөң-Булак сайынан келген сел суулары аталган сайдын төмөн жагын 700 метр аралыкта шагыл таштарга толтуруп, Өлөң-Булак айылынын Топок тилкесиндеги турак жайлар турган тарапка сайдын нугу ооп, турак жайларга кооптуу абал жаратууда.
Өлөң-Булак сайынын үстүнөн Өлөң-Булак айылынын Жаңы-Айыл, Чарбак, Орто-Айыл жана Гүлбак тилкелериндеги 300дөн ашуун кожолукту сугат суу менен камсыз кылуу үчүн өткөрүлгөн 35 метрлик суу түтүкчөнү сел суулары жеп, түтүкчөлөрү кулап, ошону менен бирге аталган каналдын 300 метр аралыгын сел суулары жууп кетип, сугат суусу токтоп калган.


Өлөң-Булак айылынын Ак-Жар тилкесиндеги 10 турак жайга зыян келтирип, аталган айылындагы 280 кожолуктун үлүш жерлерине, чөп жайыттарына баруучу Өлөң-Булак сайына ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрөнүн жээктерин жеп, түтүкчөлөрдү сел суулары агызып кетип, жол каттамы токтоп калган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу