Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 10:47
 

Бүгүн Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа- Пүлгөн» жол тилкесинин ачылышы болот

Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин ачуу салтанатына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы 108-123 км аралыктагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкеси Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Көк-Талаа жана Пүлгөн калктуу пункттарынын ортосунда (коңшу Өзбекстандын аймагын айланып өтүүчү жол) жайгашкан.


Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин реабилитациялоо долбоору 8,6 млн евро суммасындагы грант бөлүп берген Европа коомчулугу тараптан каржыланат, анын 1 млн евросу Ош – Исфана жолунан алыс эмес жашаган айылдарды социалдык реинтеграциялоо боюнча компонентти ишке ашырууга багытталган.
Экинчи каржылоо булагы катары 3,668 млн АКШ долларын бөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу