Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/06 10:29
 

Ош облусуна Сауд Аравиядан Гуманитардык жардам келди

 Ош облусуна Сауд Аравиядан Гуманитардык жардам келди

 Бишкек, 24-июнь /Кабар/. “Король Салман атындагы гуманитардык жана жардам көрсөтүү борбору” жер титирөөдөн улам жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам алып келди. Бул тууралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.


Жалпы суммасы 1 млн долларга барабар болгон 100 тоннадан ашуун гуманитардык жүктүн 70 тоннага жакыны кечээ күнү эки самолет менен Ошко жеткирилди. Мында одеал, жапкыч жана электро плиткалар болуп ӨКМдин атайын сактоочу жайына түшүрүлдү. Дагы бир жүк менен атайын спецборт бүгүн Сауд Арабиядан келип конот. Гуманитардык жүктү Насер бин Мутлак Аль-Субайа баштаган топ алып келди. Аларды КР Өкмөтүнүн Ош облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Сауд Аравиянын КРдагы ыйгарымдуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума баштаган өкүлдөр тосуп алышты. Учурда келген жардамдын көлөмү аныкталууда.


Андан соң атайын түзүлгөн комиссия жер титирөөдө жабыр тарткан жарандарга бөлүштүрүп беришет. КР Өкмөтүнүн Ош облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов Король Салмандын жана Сауд Аравия элинин жалпы көрсөткөн жардамдары үчүн облус башчысы Таалайбек Сарыбашовдун атынан ыраазычылык билдирди. Ал эми алып келинген жардамдар элге тегиз жана кылыс бөлүнүп берилерин айтты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу