Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/06 15:13
 

Нарын шаарында иш кагаздар боюнча семинар өттү

 Нарын шаарында иш кагаздар боюнча семинар өттү

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кечээ Нарын шаарында иш кагаздар боюнча семинар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди


Семинарды Нарын шаардык мэриясы уюштуруп, ага шаар мэри Р.Адиев, мэриянын аппарат жетекчиси К.Чымылдаков баштап, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери жана иш-кагаздар менен иштөөчү адистер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Семинардын негизги максаты – документтердин жүгүртүлүшүн тартипке салуу, даярдалыш сапаттарын жогорулатуу, документтердин сакталышын жакшыртуу. Шаардык мекеме ишканаларда башкаруу документ менен камсыз кылууну мындан ары ɵркүндɵтүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын» талаптарын кайталоо болуп эсептелет.


Эки саатка созулган семинарда Нарын облустук мамлекеттик архивинин бɵлүм башчысы Кубанычбек Маматбаев тарабынан башкаруу документтер менен иштɵɵнү уюштуруу, уюштуруу-тескөө документтеринде реквизиттердин колдонулушу каралды. Мындан сырткары делолорду, мекеменин бланктарын түзүү, документтердин сакталышын уюштуруу боюнча кеӊири слайд презентацияланды.
Белгилей кетсек, жыл башында мындай семинар Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын билим берүү кызматкерлери үчүн уюштурулуп өткөрүлгөн.

 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу