Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
22/06 09:54
 

Баткенде “Салттуу исламдын баалулуктары” темасында жыйын өттү

 Баткенде “Салттуу исламдын баалулуктары” темасында жыйын өттү

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 21-июнда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмү Баткен шаарында “2014-2020 жылдарга К.Рнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” жана К.Рнын Президенттинин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” боюнча жаргылын аткаруу алкагында биргелешкен түшүндүрүү-профикалтикалык жыйын өткөрдү.Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынга К.Р ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков,Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Райондук админстрациянын аппарат жетекчиси Эгемберди Абылов жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана имамдар,Баткен районундагы мекеме ишканалардын кызматкерлери катышты.


Иш чарада Пазыл ажы Султанмуратов учурдагы диний абалга токтолуп жыйындын ишине ийгилик каалады. Ал эми К.Р ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков “Салтуу Исламдын баалулуктары диний экстремизмге жана тероризмге каршы”,”Манас” эпосундагы Исламдын орду” деген темаларда баяндама жасады.Ошондой эле катышуучуларга ”Манас” эпосундагы Исламдын орду” аталышындагы китептер тартылды.
Жыйындын катышуучулары “2014-2020 жылдарга К.Рнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын”аткарууда коомчулукту руханий жактан тарбиялоодо, динди чүмбөт кылган туура эмес агымдарга бөгөт койууда жана ага каршы турууда салтуу Исламдын баалулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.


Жыйын соңунда Жергиликтүу бийлик өкүлдөрү укук коргоо түзүмдөрү дин кызматкери биргеликте эл арасында окуу жайларда, мечит медреселерде массалык маалымат каражаттарында кеңири жайылтуу жана түшүндүү сунушталды ошондой эле катышуучулар өз суроолоруна адистерден жооп алууга мүнкүнчүлүк түзүлдү.

 

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу