Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/06 14:49
 

Базар-Коргондо «Жаштар жакшы жол, жаркын максат үчүн” аттуу фестиваль болду

Ош, 21-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «Жаштар жакшы жол, жаркын максат үчүн” аттуу жаштар фестивалы болуп өттү.

Фестиваль үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол бербөө жана жаштардын кулчулукка кабылып калбашы үчүн алдын ала иш -чараларды жүргүзүү маселелерине арналды. Бул боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдардын эксперттери тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Фестивалдын соңунда үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол бербөө жана жаштардын кулчулукка кабылып калбашы үчүн алдын ала иш чараларды жүргүзүү боюнча резолюция кабыл алынды.

Аталган форум 2011-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу