Ысык-Көлдө «Ууру» операциясын жүргүзүүдө бир күндө мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылды
Бишкек, 21- июнь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында «Ууру» операциясын жүргүзүүдө бир күндө мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБсынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда туристтик мезгилдин маалында бирөөнөн буюмдарын уурдап алууну алдын алуу максатында 20-июнда “Ууру” операциясы жүргүзүлгөн.
Операциянын жүрүшүндө 1 күндө облустун ички иштер органдары тарабынан мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылып, мыйзамсыз баңги затын жүгүрткөн бир кылмыш изи суубай аныкталган.