Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/06 10:34
 

Жалал-Абад облусунда чагылгандан 120 эмес, 145 кой өлгөн.

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. 2016-жылдын 16-июнунда Жалал-Абад облусунда чагылгандан 120 эмес, 145 кой өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматта Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Ак-Суу айлынын тургундары Анарбек Уулу Жахангир жана Умар Жолдошбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургундарынын 600 баш койлорун Токтогул районунун Кашка-Суу жайлоосуна айдап бара жатышып, Кара-Көл шаарынын лесхозуна караштуу Суук-Дөбө жайлоосуна жетишкенде, ташка чагылган түшүп, 145 баш кой зоодон ыргып кеткен. Анын ичинен 115 баш койду союп, кардын жарып алган, калган 30 баш кой белгисиз болууда. Союлган койлорду 2016-жылдын 17-июнунда ээлерине ошол жерден таркатып берип, калган койлорду андан ары айдап кетишкен. Бир дагы мамлекеттик органга маалымат беришкен эмес.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу