Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/06 16:17
 

Жалал-Абад облусунда чагылгандан өлгөн койлор боюнча маалымат такталууда

 Жалал-Абад облусунда чагылгандан өлгөн койлор боюнча маалымат такталууда

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусунда чагылгандан өлгөн койлор боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы, капитан Замирбек Дуйшөбаевдин берген маалыматы боюнча: 2016-жылдын 16-июнунда саат 09:00 -10:00 чамасында Аксы районуна караштуу Ак-Суу айлынын тургуну Анарбек Уулу Жахангир Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынын майда мал-жандыктарын жайытта жайып жүргөндө 120 койго чагылган түшкөндүгүн билдирген. Мындан улам ал малдын бардыгын союп, кардын жарып алгандыгы жөнүндө алдын ала маалымат түшкөн. Тирүү калган мал-жандыктарынын саны боюнча так маалымат жок. Аталган жайлоо такталбаган жайыт болгондуктан, бир дагы район-шаардык жетекчилерге же ӨКМнин райондук-шаардык бөлүмдөрүнө маалымат түшкөн эмес. Таш-Көмүр шаарынан сурамжылаганда, аларда да маалымат жок экендигин айтышкан.

Окуя болгон жердин тегерегинде Аксы райондук жана шаардык жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу