Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/06 15:15
 

Ош шаарынын мэриясынын көчмө аппараттык жыйыны өттү

 Ош шаарынын мэриясынын көчмө аппараттык жыйыны өттү

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Бүгүн, 20-июнь Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Анда шаарды иретке келтирүү маселеси каралып, тургундардан түшкөн арыздар жеринен текшерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көчмө жыйындын жүрүшүндө борбордук үч көчөнү иретке келтирип, иштебей турган фонтандарды калыбына келтирүүнү колго алып жаткандыгын айтып төмөнкүлөргө токтолду:
“ Шаардын сырткы көрүнүшү, тазалыгы эң манилүү. Андыктан Курманжан Датка, Ленин жана Масалиев көчөлөрү борбордук бологондуктан, өзгөчө көңүл буруп, жол жээгиндеги имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, иригация, жашылдандыруу, жарыктандыруу маселелерин жоюп жатабыз. Аны менен катар эс алуу жайлары жана фонтандар реконструкцияланат. Ошондуктан баардык маселелерди жерине келип көрүп, текшерип, чечүү жолдорун табыш үчүн көчмө жыйын өткөрдүк”, - деди А.Кадырбаев.

Көчмө жыйындын алкагында шаар мэри Бабур театрынын алдындагы жайкы кафелерди кыдырып, санитардык көзөмөлдөө борборунун жетекчисине баардык жайларда сатылып жаткан тамак аштардын сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Ошондой эле, Монуев көчөсүндө жайгашкан жалпы мончо текшерилди. Анткени мончонун айланасындагы жеке турак жайлардан жана көп кабаттуу үйлөрдөн бир нече кайрылуулар болуп, мончодон чыккан түтүн шаардыктарга зыянын тийгизип жаткандыгы айтылган. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жеринен көрүп, мончонун ээсине маселени чечүүгө убакыт берди. Эгерде берилген мөөнөт ичинде тургундардын талаптары аткарылбаса, анда иш сотко өтөөрүн эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө тазалык, жашылдандыруу комбинатынын жетекчилерине да тийиштүү тапшырмалар берип, Түштүк чыгыш аймагындагы курулуп жаткан көпүрөнүн курулушунан кабар алды.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу