Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/06 14:10
 

ИИМ туристик сезонду ийгиликтүү өткөрүү багытында ыкчам кеңешме өткөрдү

 ИИМ  туристик сезонду ийгиликтүү өткөрүү багытында ыкчам кеңешме өткөрдү

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. ИИМ министр Кашкар Джунушалиев Чолпон Ата шаарында туристик сезонду ийгиликтүү өткөрүү багытында ыкчам опеаративдүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык Көл областтык милициясынын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен саптык тизим өткөрүлгөн соң Ысык Көл шаардык-райондук бөлүмүндө жергиликтүү милиция жетекчилери менен ыкчам оперативдик кеңешме өткөрдү.
Аталган кеңешмеде туристик сезонду өткөрүү коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана алдын алуу иштерин колго алуу, кандай кана укук бузуулар болбосун, ар бир фактыга, же маалыматка өзгөчө көңүл буруу сапатуу жыйынтык чыгаруу боюнча тапшырма берилди. Ошол эле убакта бардык эс алуучуларга өзгөчө сый мамиле жана ар тараптуу маалыматтык жана юридикалык жардамдарды берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча басым жасады.

Айрыкча жер-жерлердеги биринчи жетекчилердин ар бири өздөрүнө тиешелүү аймакта коомдук тартиптин сакталышына керт башы менен жооптуу экендиги эскертилди. Ошол себептүү ар ар тараптуу кошумча тапшырмалар берилип, аларды кынтыксыз аткаруу боюнча милдеттер жана иш пландар белгиленди.

 

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу