Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/06 11:56
 

Талас облусунда дарыялардын суулары көтөрүлүүдө

Бишкек, 17-июнь /Кабар/. Талас облусунда да дарыялардын суулары көтөрүлө баштады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаарында 2016-жылдын 16-июнунда Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан КР ӨКМнин №17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүштү.

Талас районунда 2016-жылдын 16-июнунда Манас айылынын Манас көчөсүндө суу ташкындоо коркунучу болгондуктан, КР ӨКМнин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүнкуткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөөгө чыгышкан.


Бакай-Ата районунда 2016-жылдын 17-июнунда саат 04:30 чамасында Кызыл-Сай айылында Үрмарал суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, КР ӨКМнин №93 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу