Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/06 17:28
 

Акыркы жарым жылда Ооганстандын түндүгүндө террористтердин саны мурдагыга караганда эки эседен ашык көбөйдү

Сары-Ой, 16-июнь /Кабар/. Акыркы жарым жылда Ооганстандын түндүгүндө террористтердин саны мурдагыга караганда эки эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Росссиянын ТИМинин өкүлү Евгений Бобров Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан “Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террорчулук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтык” конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ооганстанда ИГИЛдын согушкерлеринин саны 2 миң, ал эми террористтердин жалпы саны 6 миң болсо, учурда игилчылардын саны эле 6 миң, ал эми террористтердин саны 15 миңге жеткен.

А. Бобров террористтер Ооганстанды Борбордук Азиядагы кырдаалды дестаблтештирүү үчүн плацдарм катары колдонушу мүмкүндүгүн айтты. “15 миң согушкер – бул өзүнчө бир армия”-деди ал. Орус чиновниги ошону менен бирге мындай көрүнүш менен күрөшүү үчүн мамлекеттердин ортосунда өз ара тыгыз карым–катнаш болуш керектигин белгиледи.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу