Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/06 16:34
 

КР Президентинин Ысык-Көлдөгү эл аралык конференциянын катышуучуларына куттуктоосу (текст)

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террорчулук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтык” конференциясынын катышуучуларына куттуктоо жолдоду.


Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:


«Урматтуу конференциянын катышуучулары! Ардактуу достор!
Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террорчулук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтык конференциясын биздин өлкөдө уюштургандыгы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Антитеррордук борборуна ыраазылык айтууга уруксат этиӊиздер. КМШнын 25 жылдыгында бул конференциянын өтүшүн маанилүү белги катары баалайм.
XX жана XXI кылымдарда илим менен техникада маалымат алмашуу, адамдардын мамилелешүү процессин жеӊилдетүүгө шарт түзгөн мурда болуп көрбөгөндөй прогресс жүрүүдө.
Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө адам жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн каражаттарды тетирисинче адамдардын, мамлекеттердин, региондордун тынчтыкта жанаша жашоосуна каршы пайдаланган күчтөр пайда болду. Террорчул жана экстремисттик топтор менен уюмдардын коммуникациялык технологияларды пайдалануу аркылуу согуш жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына ээ болду.
Кыргыз Республикасы экстремизмди алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча талкуулар менен иш-аракеттер процессинин активдүү катышуучусу болуп саналат.
Мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан 2014 – 2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясат Концепциясы мамлекет менен диний уюмдардын арасында жаңы мамилелерди калыптандырды.
Кыргыз Республикасында экстремизм менен терроризм проблемасын жалаӊ күч ыкмалары менен чечүү мүмкүн эместигин так түшүнүү бар. Соӊку жылдары биздин атайын кызматтар чет жердеги кесиптештери менен биргеликте биздин аймакта бир катар террорчулук актылар менен диверсияларды болтурбай койгонун белгилөө керек.
Биздин өлкө калк менен иштешүүнүн жаңы ыкмаларын издөө, туруктуу лайыктык өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү үчүн диний жол башчылар менен кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүп жатканы өтө маанилүү.
Кастыктын жана чыдамсыздыктын бардык көрүнүштөрүнө жана зомбулук актыларына каршы аракеттенүү эң оболу билим берүү системасында мамилелерди өзгөртүүдөн башталды. Мисалы, жалпы билим берүү окуу жайларынын программасына диний маданияттын негиздери жөнүндө предмет киргизилди. Экинчиден, диний окуу жайларды системага жана стандарттарга салуу иши жүрүүдө.
Кыргызстан үчүн салттуу саналган ханафит масхабынын нугунда билим деңгээлин жогорулатуу жагынан диний башкармалыкка колдоо көрсөтүү маанилүү жаңылык болуп калды. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты окутууга жана колдоого даярдыгын көрсөткөндөр үчүн стипендиялардын атайын программасы киргизилди. Ондогон жылдар бою атеисттик идеологиядан, андан соң мамлекет тарабынан диний уюмдардын муктаждыктары менен талаптарынын четке кагылып келгендин кийин жаңыча мамиле өз үзүрүн берүүгө тийиш.
Элдин канына сиңген баалуулуктар жеке жана коомдук чөйрөдө сырттан таңууланып жаткан бөтөн эрежелерге кадыресе аттандаштык кыла алгандай кылып улуттук салттар менен маданиятты колдоо да - маанилүү ресурс.


Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Демократия шартында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун, диний уюмдардын биргелешкен иши аркылуу диний экстремизмге бекем бөгөт коё алабыз.
Биздин өлкөлөрдүн кайталангыс руханий өзгөчөлүгүн, туруктуулук менен ынтымакты сактап калууга жардам бере турган проблемаларды ачык талкуулоо жана чечимдерди издөө экстремизмге каршы аракеттенүү ишинде эл арарлык кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү салым кошот деген үмүт бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу